Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, саясатчынын ооруканадан качан чыгары белгисиз. Ал эми ага ырайым кылуу боюнча сунушту комиссия карап жатканын маалымат каражаттарынан гана окуп, кабардар болушууда.
"Учурда Текебаевдин ден соолугу жакшы. Ал дарыланып, анализдерди тапшырып жатат", - дейт адвокат.
Ошондой эле, Токтакунова эгер саясатчы абактан чыкпай калса, андан ары окуя кандай өнүгөөрүн билбесин айтты.