Интернетке милиция кызматкерлери түкүргөн кишини кармап жатканда тартылган видео жарыяланды. Эки милиционер көчөгө түкүргөн жаранды алып кетүүгө аракеттенишкен. Айыптуунун аялы анын тоодон жаңы эле келгенин, жаңы эрежелер тууралуу билбей калганын айткан, жана күйөөсү үчүн кечирим сураган.
Видеогу окуя өлкөнүн кайсы аймагында тартылганы азырынча белгилүү боло элек.
Эске салсак, жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча көчөдө, коомдук жайларда түкүргөн жаран 5500 сом айыппулга жыгылат. Бул жобо ушул жылдын 1-январынан баштап ишке кирди.