Эмчек ооруса, кенебестиктин  да, санаага батуунун да кереги жок. Эмчектин рагы – эмчек оорусунун  көп себептеринин бири гана. Көбүнчө оору мастопатиядан  жаралат.  Эгер оорудан сырткары эмчек салмактанып, үрптөрүнөн агыш, быштак сыяктуу суюктук агып чыкса, анда бул дарыгерге баруу зарылдыгын билдирет.

 

Өз алдынча текшерүү

 

Ооруп жаткан эмчегиңиз тарабындагы колуңузду өйдө көтөрүп, экинчи колуңуз менен кармап, бөлтөкчө, шишик сыяктуу катуу нерсе жоктугун байкаңыз. Андай нерсе болбосо, үрптөн суюктук акпаса, тынчсызданбаңыз, баары жайында. Эмчек жеңил гормоналдык дисбаланстан улам да ооруйт. Бирок, мындай учурда оору өзүнөн өзү жоголот.  

 

Бюстгальтерге  көңүл буруңуз

 

Кээде эмчек бюстгальтерди туура эмес тандагандан да ооруйт. Темирлери көкүрөктү куушура кармап турса, кандын жүгүрүшүн кыйындатып, жагымсыз туюмду жаратат. Эмчек ооруганда алгач бюстгальтерди бир топ ыңгайлуусуна алмаштырып, же кайсы бир убакытка чейин такыр эле тагынбай жүрүп көрүңүз. Илимпоз- дарыгерлер   фиброзно-кистоздук мастопатиядан жабыркаган аялдардын 90 пайызынын акыбалы бюстгальтер тагынбай койгондон баштап жакшырганын тастыкташкан. 

 

Туруктуу интимдик жашоо

 

Туруксуз интимдик жашоодо жашаган аялдардын эмчеги көбүрөөк ооруйт. Интимдик мамиледе кез-кезде болгон, же узак убакытка чейин такыр болбогон аялдардын канында эстроген деңгээли көтөрүлүп, эмчек шишип жана ооруп баштайт.

 

 Төрөт

 

Мастопатиянын пайда болуу коркунучун балага эмчек эмизүү да азайта турганы далилденген. Баласын эмизген аялдарда эстрогендин деңгээли ылдыйлайт. Ошондуктан, алар эмчек безинин рагынан аз жабыркашат. Эгер эмчеги ооруган аял балалуу боло элек болсо, анда муну организмдин балалуу болууга убакыт келди деген белгиси деп түшүнүү керек.

 

 

 Тамактануу

 

Организмге йод жетишпесе да эмчек ооруйт. Ошондуктан, курамында йод бар тамак-ашка басым жасоо керек. Эмчек ооруган учурда кызыл, саргыч-кызыл, сары түстөгү жашылчалардан, данек, жаңгак, дан азыктарынан оолак болуу керек. Кадимки угеводдорду колдонууну азайтыңыз, алар эстрогендин деңгээлин көтөрүшөт.

 

Эскертүү

 

Бул кеңештерди аткарыңыз, бирок, маммологго кайрылууну унутпаңыз. Мастопатияда өз алдынча дарылануу болбойт. Өз убагында медициналык жардам алуу тез сакайууну камсыздайт.