Көптөн күткөн кышкы эс алуу күндөрү да келди. Жаңы жылдын сыйкырдуу атмосферасына чулгануунун убактысы жетти. Ал үчүн балаты орнотуп, Аяз Атанын костюмун кийүү шарт эмес. Сүйүктүү Жаңы жылдык тасмаларды көрүү гана жетиштүү. Ошондуктан биз майрамдык жагымдуу маанай тартуулоочу 12 тасманы тандап алдык.

 

Двенадцать месяцев

 

Эки сериялуу тасма “Ленфильм” киностудиясында 1972-жылы тартылган. Сюжет өгөй энеси түн жарымда аяздуу токойго байчечекей терип келүүгө жиберген кыз тууралуу болот. Чыргоо жана тарбиясыз ханбийке декабрь айында уктоочу бөлмөсүн байчечекей менен кооздоону каалайт. Кызын жанынан артык көргөн ханыша дароо ким байчечекей терип келсе, сыйлык берээрин жарыялайт. Ач көз өгөй эне жоош жана токтоо өгөй кызын токойго жөнөтөт.

 

Морозко

 

 

Бул тасма ишеним, сүйүү, бактылуу балалык жыттанып турат. Ар бирибиздин балалык кезибиз өгөй кыздын бактылуу аяктаган тагдырын көрүү менен өтсө керек.

 

Вечера на хуторе близ Диканьки

 

Н.В.Гоголя "Ночь перед Рождеством" повестинин негизинде тартылган. Ай чырайлуу   Оксана  Вакулага  турмушка чыгууга убада берет. Бирок, бир шарт менен. Эгер жигит ханышаныкынан кем калбаган өтүк алып бере алса гана.  Жаңы Жыл түнү байкуш Вакула өтүктү кайдан табат?  

 

Новогодние приключения Маши и Вити

 

Жаңы Жылдык сыйкырдуу окуяларды камтыган Маша менен Витянын үй-бүлөлүк тасмасы режиссер Геннадием Казанский жана   Игорем Усов тарабынан тартылган. Майрам алдында балдар мектептеги балатыны жасалгалашат. Алардын арасында Маша – кереметке ишенет, а Витя – илимдин жана техникалык прогресстин жаш колдоочусу.

 

Чудо на 34-й улице

 

 

Кичинекей балдар кереметке ишенишет жана жылдын эң бир сыйкырдуу майрамын чыдамсыздык менен күтүшөт. Ал эми атасыз өсүп жаткан алты жаштагы Сюзан Санта Клаус чыныгы сыйкырчы экенине ишенет. Башка балдар сыяктуу эле Санта Клауска кат жазып, каалоолорун тизмелейт. Жаңы үй, ата жана кичинекей ини сурайт. Нью-Йорктогу ири супермаркеттердин биринен Санта –Клауска жолугат да, анын чыныгы экенинен, каалоолору аткарылаарына ишенет...

 

Один дома

 

Америкалык үй-бүлө Чикагодон Европага жол тартышат. Шашылышта үйгө балдарынын бирин унутуп калтырышат. Кичинекей бала өзүн жоготпой, тескерисинче үйүн уурулардан сактайт. Бул  токсонунчу жылдардагы эң популярдуу тасма. Анын артынан МакКолея Калкина Голливуддагы эң бир жылдыз-балага айланган.

 

Снежная королева

 

Андерсендин жомогу чыныгы достукка эч бир тоскоолдук кеп эмес экендигине үйрөтөт. Белгилүү советтик кинорежиссер Геннадий Казанский тарткан. Кичинекей Герданы кийинчерээк советтик жана оруссиялык кинонун жылдызына айланган Елена Проклова ойногон.

 

 

  

Старый новый год

 

Тасма орто курактын кризисине туш келип, аны менен күрөшүү далалатын жасаган ар бир адамды кайдыгер калтырбайт. Башкы каармандар– Петр Себейкин жана  Петр Полуорлов, үй-бүлөнүн ийгиликтүү кожоюндары, жаңы конуштагы кошуналар.  Алар ар башка – бири интеллигент болсо, экинчиси жөнөкөй жумушчу.  Экөө тең Эски Жаңы Жылды тосууга досторун чакырышат. Каармандар майрамды ар башкача тосушат. Ошол кеч экөөнүн достугун жандантат...

 

Семьянин

 

Сиз эмнени каалайт элеңиз – ири инвестициялык компаниянын президенти болуп, кооз үйдө жашап, акыркы үлгүдөгү автоунаа айдоонубу, же эски унаа айдап шаар көчөлөрүн кыдырып, жөнөкөй жумушта иштеп, бирок бойдок болуунубу? Жооп берүүгө шашылбай туруңуз, анткени кинонун каарманы Жек экөөн тең өз башынан өткөрөт...

 

Карнавальная ночь

 

Жаш жумушчу жигиттердин тобу Жаңы Жылды клубдан тосууга камданышат. Алар майрамды көңүлдүү өткөрүүнү пландашат, бирок клубдун директору жаңы жылдык түндү кантип туура жана пайдалуу өткөрүүнүн жолун айта баштайт. Бирок, жигиттер моюн бербейт...

 

Счастливого Рождества

 

 

1914-жылдагы Рождествонун алдында төрт адам өтө оор сыноого кабылышат. Шотландиялык чиркөө кызматкери, франциялык лейтенант, немец тенор жана анын сүйүктүүсү кармаш болуп жаткан жердин очогунда калышат. Мылтыктар окоптун ичинде калып, а жоокерлер менен офицерлер бирин бири тосо чуркашып, тамеки, шоколад тартуулашып, майрамы менен куттукташат.

 

Чародеи

 

Чыныгы сүйүү кереметти жаратаарын баяндаган тасма. «НУИНУ» институтунда сыйкырдуу таяк жасоонун иши кызуу жүрүп жатат. Жаңылыктын ачылышы 31-декабрга белгиленген. Бирок, институттун каршылаштары да жөн турбай, тоскоолдук жаратышат...