Жаңы Жылга караган түнү жарык дүйнөгө 292 ымыркай келди. Анын 150сү кыз болсо, 142си уул бала. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

 

Жаңы Жылга караган түндүн алгачкы мүнөттөрүндө биринчилерден болуп Кара-Буура районундагы төрөт үйүндө 4200 салмактагы бала төрөлгөн. Аны менен катар Кочкор райондук төрөт үйүндө жана Ак-Талаа райондук төрөт үйүндө  2995 кг салмактагы кыздар жарык дүйнөгө келишкен. 

 

Бишкекте болсо алтымыш алты төрөт кабыл алынган. Анын жыйырма сегизи уул, отуз алтысы кыз.