Жарандык активист Мелис Аспеков соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
"2016- жылы №47 абакта Суталинов менен бирге бир нече ай отурдум. Ал тамеки тартчу, бир гана кадимки тамекилерди эмес, арак ичип, бардык тамактарды жечү. 100 кг штанга көтөрчү. Мен андан бир бөйрөгүңүз жокпу деп сурагам. Шылдыңдагансып күлүп койгон. Кантип мынчалык арыктадыңыз, баары сизди жакында өлөт деп ойлогудай деген экинчи суроомо, чекисттер үчүн бул иш оңой экенин айтты. Оорукчанмын демиш болуп абактан чыгаарын да кошумчалады", - деп жазган Аспеков.
Активисттин билдирүүсү боюнча Онкология жана гемотология Улуттук борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдылдаев жооп берип, медициналык корутундуну жасалма кылуу мүмкүн эместигин айткан. Дарыгер белгилегендей, Суталинов чындап эле рактын төртүнчү стадиясы менен ооруп жатат. Жакында Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы да бул диагнозду бекемдеген.