Чүй облусуна караштуу Люксембург айылындагы турак-жай-коммуналдык чарбачылыгынын кызматкери жол кырсыгын жаратты. Ал айдаган жүк ташуучу унаа эркек кишини сүзгөн. Кырсыктын жабырлануучусу ошол жерден мерт кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматтан билдиришти.
Айдоочу жүк ташуучу унааны артка берип, айдап келатканда, жол жээгинде турган кишини байкабай калып, сүзгөн.