Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун айтымында, саясатчынын президенттен ырайым сурайын деген ниети жок. А бирок, саясий куугунтукка кабылгандардын баарына тегиз ырайым көрсөтүлсө, аны кабыл алат. 

 

"Роза Отунбаева акыйкаттуулук үчүн күрөшсө, эмнеге бир гана Текебаев үчүн ырайым сурап жатат? Саясий негизде камалгандардын баары бирдей себеп менен жабыр тартышкан. Аларды өз өзүнчө бөлүп кароого болбойт. Садыр Жапаровдун айыпсыз экенин жүз эмес, эки жүз пайызга далилдей алдык. Эл баарын көрүп турат", - дейт адвокат. 

 

Айтымында,  Садыр Жапаровдун ишин кайра кароого  Бишкек шаардык прокуратурасына беришкен. Алар мындай кадамга Биринчи май райондук сотунун жаңы ачылган жагдай жок деген чечимин жокко чыгарганынан улам барышкан. Эми  Шаардык прокуратура ишти райондук сотко жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберши керек.

 

 

"Буйруса, январь айынын аягында жакшы жаңылыктар болуп калат", - дейт адвокат ишенимдүү.