Бишкек шаардык соту Раимбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басарлык кызматын кайра калыбына келтирүү боюнча чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Матраимовдун адвокаты билдирди. 

 

Адвокаттын айтымында, экинчи инстанциянын чечими күчүнө тез арада кирет. Ошондуктан, эми Матраимов Бажы кызматындагы кызматына кайрып бара берсе болот. 

 

Бирок, өкмөттүн өкүлдөрү бул чечимге макул эмес жана алар шаардык соттун чечимине Жогорку сотко арызданышат.