Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жеке курамы кырсыктан улам эки колунан ажыраган жоокерге отуз миң доллар топтошту. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, протез кое турган клиника менен келишим түзүлгөн. Учурда Башкы штаб жоокер менен анын ата-энесинен жооп күтүп жатат. Жигиттин энеси Башкы штаб макулдашкан клиникада протез койдурууга уруксат бериши керек.
"Бир колу бир ай мурда эле протез салынууга даяр болуп калган. Экинчи колу да учурда жакшы болуп калды. Бирок, жоокер тараптан азырынча жооп келе элек. Эгер алар башка клиниканы тандашса, биз топтолгон каражатты беребиз", - деп билдирет Башкы штаб.
Аскердик милдетин өтөп жүргөн жоокер Руслан Сапарбаев токко урунуп, анын кесепетинен алгач бир, кийинчерээк экинчи колунан да ажыраган.