Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Кыргызстанга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы тарабынан алынып келинди. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жунусов бүгүн Кыргызстанга Азербейжандан келди. Ушул жылдын декабрь айынын ичинде КР Финпол Башкы прокуратура жана Кыргызстандагы Интерпол менен биргеликте Жунусовду экстрадициялоо маселесинин үстүндө иштешкен.
Эске салсак, Бажынын мурдагы башчысына ушул жылдын августунда издөө жарыяланган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.