Кыргызстанда жумушсуздук боюнча  90 миң 800  жаран каттоодо турат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. 

 

Айтымында, 70 миң  100 адамдын жумушсуз деген расмий статусу бар. 

 

"Расмий жумушсуздуктун деңгээли калктын активдүү бөлүгүнүн  2, 8 пайызын түзөт. Бир бош орунга он тогуз адам талапкер болот", - деди министр. 

 

Ушул жылдын башталышында жумушка орноштуруу кызматына 147 миң  900 адам кайрылган. Алар эмгек жана жумуш боюнча мыйзам тууралуу маалымат алышкан, кесип алуу, кесибин өзгөртүү жана кесип тандоо мүмкүнчүлүгүнө туш келишкен. Жалпысынан 24 миң 200 адам жумушка орноштурулган, алардын 115и ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер.