Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине Аида Касымалиева шайланды. Анын талапкерлигин 91 депутат колдоду.
КСДП партиясы Асель Кодуранованы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алган. Мындай чечимин партия Кодуранова регламентти бузду деп шылтоолошкон. Анан анын ордуна Аида Касымалиеванын талапкерлигин сунуш кылышты.