Жалал-Абад облусунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын учурда элүү милиция кызматкери кайтарып турушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азизбек Турсунбеков билдирди.
Айтымында, милиционерлер эки айдан бери айлык алыша элек.
"Элүү милиционерге айлык бере албай калыш уят го. Ушуну чечип эле койбойсуңарбы. Урматтуу Ашырбек Мойдунович, өзүңүз так жүргөн эле адамсыз, анан ушундай кылган болбойт да. Бул майда эле маселе го", - деди депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып.
Ошондой эле депутат Ала-Бука-Шакафтар жолунун маселесине токтолду.
"Үч жылдан бери аягына чыга элек. Жыйырма жыл курабызбы? Мен шайлоочуларга эмне айтаарымды да билбей калдым. Тийиштүү кызматтарга кат жолдойм, карап жатабыз деген дежур жоопторду алам. Ачык айткыла, курулат, же курулбайт деп. Мен да шайлоочуларга ошентип айткыдай болойун. Тендерди уткан кишилер да "Биз күтүп жүрө беребизби?" - деп жатышат. Бул жол президенттин көзөмөлүндө", - деди Турсунбаев.