Келечек мугалимден башталаарын белгилеген депутат Мирлан Бакиров Кыргызстанда да бул жөрөлгө улантылышы керектигин белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Ал мугалимдерге өлбөс-өчпөс эстелик тургузулган бир катар өлкөлөрдү тизмеледи.
"Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалиминдеги" Дуйшөндү мугалимдердин символу катары кабыл алуу керек. Ар жылы сентябрдын башталышында окуучуларга маалымат берилип, мугалимдерге арналган айкел тургузуу зарыл", - деди депутат.