Жогорку Кеңеште улуттук статистиканы андан ары өнүктүрүү максатында иштелип чыккан “Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын жаӊы редакциясынын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Мурадыл Мадеминов менен Бактыбек Турусбеков.

Демилгечилердин бири Мурадыл Мадеминовдун айтымында, сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорлору улуттук статистика тутумун уюштуруунун, анын ишин жөнгө салуунун, расмий статистиканы иштеп чыгуунун, даярдоонун жана жайылтуунун укуктук негиздерин аныктайт.

 

«Макулдашылган, такталган жана эл аралык салыштырмалуу статистикалык маалыматтар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүү үчүн керек», - деди ал.

 

Ошондой эле, расмий статистика чыныгы маалыматтардын негизинде саясий чечим кабыл алууда негизги инструмент болуп эсептелери, экономикалык жана социалдык реформалар жүрүмүндө ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү курал болуп саналары, саясий чечимдерди кабыл алуучу жактардын өз ишинин натыйжасына мониторинг жүргүзүүсүнө жана аны объективдүү баалоого мүмкүндүк берери белгиленди.

 

Депутаттар Улуттук статистика комитетинин маалыматтары Өкмөт тарабынан толук пайдаланылбай жатканын белгилешип, аталган жаатта тиешелүү иштерди жүргүзүү керектигине токтолушту. Алсак, расмий статистикалык маалыматтар жарыяланганы менен, анын себебин көрсөткөн далилдер толук чагылдырылбай жатканы, эсептөө менен менен гана чектелбөө керектиги жөнүндө пикирлер айтылды.

 

Улуттук статистика комитетинин орун басары Азамат Оросбаев комитет тарабынан берилген маалыматтар чындыкка жакын экенин айтты.

 

«Бизди Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду сындуу эл аралык каржы институттарынын эксперттери текшерип турат. Статистикалык мекеменин ишин жакшыртуу боюнча берген сунуштамалары менен эскертүүлөрү дайыма эске алынат», - деп кошумчалады ал.