2018-жылдын 25-декабрь күнү саат 09:56 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунун Жал айылынын Школьная көчөсүндө турак үйдүн ичинде  эмеректер күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1927-жылы туулган П.К.А. аттуу аял түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.

 

Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

 

Ошондой эле, 2018-жылдын 25-декабрь күнү саат 05:26да Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн №20 үйүнүн №15 батиринин бөлмөсүндө үй-тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттү өчүрүүгө №13 Аскерлешттирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 06:16 да чектөөгө алынып, саат 06:47де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2 жаш бала  (кыз:2011-жылы туулган Т.М., бала: 2013-жылы туулган Т.У.) түтүнгө ууланышып, Ош облустук ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу  жеткирилген. Абалдары жакшы. Өрттүн себеби такталууда.