Акыркы мезгилде борбор калаабыздын катардагы жарандарынан тартып, депутаттарга чейин экология булганып, дем алууга мүмкүн болбой калгандыгына даттанышууда.  Бир чети бул көйгөйдүн азыр болуп көрбөгөндөй ызы-чууга айланып жатышынын бир себеби – эл аралык уюмдардын бири Кыргызстандын экологиясын жакшыртууга 100 млн. доллар берип жаткандыгына байланыштуу болууда. Анткен менен бийликтегилер маселени чечпесе да, абанын булгануусунун деңгээлин аныктоого жарап жатышат. Анткени айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Бишкек шаарынын экологиясына дрон менен байкоо жүргүзүп турат.

 

Анын маалыматына караганда, агенттиктин кызматкерлери күн сайын шаардын борбордук көчөлөрүнө, жаңы конуштарга, мончолорго, сауналарга жана чоң-чоң жеке менчик ишканалар менен базарларга көз салып, адамдар таштанды ыргыткан, дөңгөлөк жаккан учурларды текшерип турушат. Мыйзамга туура келбеген фактылар тууралуу маалыматтар ИИМге, Мамэкотехинспекцияга чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилет.

 

Экологдор жылуулук сезону башталары менен шаарды кара түтүн каптап, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан ашып түшкөнүн айтышууда.

 

Баш калааны каптаган кара түтүн маселеси быйыл да, былтыр да парламентте көтөрүлгөн. Бирок аны чечүүнүн эч кандай жолу каралган эмес. Бишкек мэриясына аны чечүүнүн жолдорун тез арада иштеп чыгуу тапшырылган. Калкынын саны 1,5 миллионго чукулдап калган Бишкектин жашоочуларынын көбү азыр көмүр жагып отурат. Мындан тышкары менчик мончолор да бар. Адистер автоунаалардан бөлүнүп чыккан ыш да шаарды булгап жатканын белгилешет.

 

 

 

“Майдан.kg” гезити