Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду.  Бул тууралуу өзү билдирди.

 

Анда айтылгандай, бул боюнча УКМКнын токтому 20-декабрда чыгып, кылмыш иши расмий токтотулду.

 

 

Алмамбет Шыкмаматовго эки жыл мурда  кылмыш иши козголгон. Ал 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда  алдын-ала сүйлөшүп, аялына таандык «Мерседес-Бенц Е320″ автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан деп айып тагылган.

 

 

Июнь айында  Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.