Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовго акыркы айып тагылганын адвокаты  Сергей Слесарев билдирди.

 

Анын  айтымында, Кулматовго  КР Кылмыш жаза кодексинин коррупция беренесинин  негизинде  кылмыштуу түрдө сүйлөшүп алуу боюнча айып тагылып жатат. Бул берене боюнча айыптуу 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

 

Эске салсак,  Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарын жетектеп турган учурда  2 миллион доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган деп шектелген.