Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Жети-Өгүз районундагы 1,5 жаштагы баланын өлүмү тууралуу маалымат таратты. Бала таажеңесинин токмогунан каза тапкан. 

 

Бала Светлпя Поляна айылында таекеси менен таажеңесинин колунда калып, апасы Б.А.Э. Россияга иштөөгө кеткен. Таекесинин айтымында, баланын эне -атасы ажырашып кетишкен. Никеси расмий каттоого алынбагандыктан, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын аты-жөнү жок. 

 

 

Аял Россияга кеткенге чейин баласы менен Токмокто жашаган. Ушул жылдын ноябрь айында 2017-жылы туулган баласы Б.А.ны таекесинин жана анын аялынын колуна калтырып, Россияга кеткен. Буга дейре маалымат каражаттарында эне баласын 41 жаштагы бир тууган эжесине калтырган деп жазылган. 

 

Аял баласын туугандарына убактылуу калтырганын социалдык кызматтарга билдирген эмес. Таекесинин үй-бүлөсү эки жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарында каттоодо турат. Төрт баласына үч миң беш жүз алтымыш төрт сом пособие алышат. 

 

 

23-декабрда болжол менен саат 12.00дө Б.А.Р. аттуу таажеңеси баланы оор абалда райондук ооруканага жеткирген. Дарыгерлердин айтымында, бала өзүнө келбеген бойдон ошол күндүн түнүндө көз жумган. Учурда Б.А.Р. укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.