Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда бир жарым жаштагы баланы бир тууган таежеси сабап, өлтүрүп алды. Бала шымына сийип койгону үчүн ушундай жазага туш келген. 

 

Ысык-Көл ИИБинин маалыматына караганда, кечээ милицияга 2017-жылы төрөлгөн бөбөк ооруканага келип түшкөнү тууралуу кабар келген. Укук коргоо кызматынын кызматкерлери баланын 21 жаштагы энеси Россияга иштеп, акча табуу үчүн кеткенин аныкташкан. Баласын 41 жаштагы бир тууган эжесине калтырган. Таеженин  айтымында, бала шымына сийип койгон, ага ачууланып чыбык менен бир-эки чаап, андан кийин жаткырып уктатып койгон. А түндө баланын акыбалы оорлошконун байкап, ооруканага алып барууга аргасыз болгон. 

 

Дарыгерлер баланы жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан, ошол жерден каза тапкан. Факты боюнча кылмыш иши козголду. Баланы сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

 

Жакында Бишкекте 2 жаштагы бала ур-токмоктон каза тапкан. Анын да апасы уулун курбусуна таштап, Россияга иштөө үчүн кеткени белгилүү болгон.