Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев депутат Элвира Сурабалдиеваны карындашындай көрөөрүн, аны эч убакта коркутууга дити барбастыгын маалымат каражаттарына жарыялады. 

 

Айтымында, анын сөзүн контексттен бөлүп алышкан. 

 

"Элвира Сурабалдиеваны карындашымдай көрөм. Анын апасы мага эже болуп кетет. Абдан активдүү депутат, курч маселелерди көтөрүп турат. Шейшемби күнү ал коррупцияга байланышкан маселе көтөрдү. Депутаттардын баары менин иш бөлмөмө чогулушкан болчу. Анын айтканын ар башкача кабыл алууга болот. Мен агасы катары анда маселе жаралышы мүмкүн экендигин эскертип, чара көрүү керектигин айткам. Бул коркутуу эмес болчу", - деди Курманбек Дыйканбаев. 

 

Элвира Сурабалдиева   "Росинбанк" ААКсы менен "Кыял" мамлекеттик ишканасы тууралуу маселени көтөрөөрү менен Курманбек Дыйканбаев коркутканын билдирген. Ал соцтармактагы баракчасына "Коррупция менен күрөшүүмдүн натыйжасы - жогорку даражалуу БД кечээ мага ачык эле "Сенде маселелер жаралат. Бир айдан кийин билесиң", - деп коркутту. Ушинтип жашап жатабыз", - деген билдирүү калтырган. 

 

Бирок, президенттин өкүлү анын кабинетинде аталган ААК менен мамишкана тууралуу маселе айтылбаганын белгиледи. 

 

"Кудай күбө, менин кабинетимде "Росинбанк" менен "Кыял" тууралуу бир да сөз болбогон. Ал кийин гана ойлонуп, соцтармактагы баракчасына жаза салды. Сурабалдиева сөз менен коркутканга боло турган депутат эмес. Ким бирөө балким ага жамандык каалашы мүмкүн, бирок мен дайыма жанында болуп, жардамымды аябайм. ММКлар ортобузга чок салышын каалабайт элем. Твиттерде эмне деп жазат - ал ар бир адамдын өз иши", - деди Дыйканбаев.