22-декабрдан 23-декабрга караган түнү Балыкчы шаарында прокуратуранын мас абалындагы кызматкерлери МАИ кызматкерин ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда МАИ кызматкери Балыкчыдагы ооруканада дарыланууда. Акыбалын дарыгерлер оор эмес деп мүнөздөшкөн. Прокуратура кызматкери аны болгону бир гана жолу муштаган.
Аталган факты боюнча "Кызматтык укугун физикалык күч колдонуу, же коркутуу менен ашыра пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдарын УКМК жүргүзөт.
Мушташтын эмнеден келип чыкканы белгисиз. Бул боюнча кызматтык иликтөө жасалууда. Башкы прокуратуранын билдиргени боюнча, мушташка катышкан прокурор менен анын эки жардамчысы кызматтан четтетилди.