Рак оорусуна кабылгандарды элдик ыкмада дарылоого өткөн табып Хашым Зайналиевге козголгон кылмыш ишинин негизинде, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин ИИМден кабарлашты. 

 

Онкология жана гемотология Улуттук борборуна 5 жаштагы кыз оор абалда келип түшкөн. Кызга "лейкоз" диагнозу коюлуп, ата-энеси химиятерапия алдыруудан баш тартышып, табыпка кайрылышкан. Зайналиевдин Көк-Жар конушундагы үйүндө дарылануудан кийин акыбалы оордоп, ооруканага жеткирилген. Бирок, каза тапкан 5 жаштагы кыздын ата-энеси табыпка каршы арыз жазуудан баш тартышкан.