Бишкектеги Биринчи май райондук соту Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркееваны камакка алуу боюнча санкция берди. Бул тууралуу соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, Элвира Жаркеева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, көз боемочулукка, мыйзамсыз өкүм кабыл алууга жана коррупцияга шектелүүдө.
Тергөөнүн версиясы боюнча, ал сот болуп иштеп турганда кылмыштуу топ менен макулдашууга барып, бир нече мыйзамсыз чечим чыгарган. Анын акысына ЖЧКлардын биринин мүлкүн алган.
Эки жыл мурда Жаркеева КР Кылмыш жаза кодексинин нормаларын бузуу менен ЖЧКга 100 пайызды которуу макулдашуусун жараксыз деп кабыл алуу боюнча арызды сырттан караган, а негизи бул арызды Райондор аралык сот карашы керек болчу. Жыйынтыгында, 20 миллион 500 миң сом насыя боюнча жасалма келишим түзүлүп, беш күн мөөнөт коюлган.
Бул келишимдин негизинде, насыя алган тарап Свердлов райондук сотуна бардык мүлктөргө 100 пайыз үлүшүн кайтарып алуу өтүнүчү менен арыз жазып кайрылган. Эки жыл мурда арызды Жаркеева толугу менен канааттандырган.