Абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү белгиленди. Ал алтымыш жашка чыкты. 

 

"Ата Мекен" партиясы уюштурган туулган күнгө бир катар саясатчылар чакырылды. Алар Текебаевдин чыгаан саясатчы экенин айтышып, кээ бирлери саясатчы учурда дарыланып жаткан ооруканага да барышып, жолугушуп кайтышты. 

 

Текебаев сегиз жылга эркинен ажыратылган. Аны 13-декабрда дарыгерлердин инфаркт алдындагы акыбалда деген диагнозунан улам ооруканага которушкан. Дарыгерлер саясатчынын үзгүлтүксүз медициналык көзөмөлгө муктаж экенин айтышууда. 

 

Президент Сооронбай Жээнбеков да Өмүрбек Текебаевге телефон чалып, туулган күнү менен куттуктаганы белгилүү болду. Өлкө башчысы менен саясатчынын ортосунда куттуктоодон башка кандай кеп болгону айтылган жок.