Туркиянын Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына Кыргыз сүрөтчүсү А.Турсункуловдун сүрөт көргөзмөсү жүрүп жатат.

 

Аталган сүрөт көргөзмөсүндө А.Турсункуловдун алтымыштан ашуун чыгармасы көрөрмандардын сынына коюлду. Иш-чарада сүйлөгөн Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Чыңгыз Айтматов акыркы жылдарда дүйнөлүк алкактагы калемгерге айлангандыгын, ошондуктан жазуучунун мааракеси БУУнун алкагында дагы кызуу белгиленип жаткандыгын бааса белгиледи.

 

Баса, бул көргөзмөдө Кыргыз сүрөтчүсүнүн көркөм чыгармаларынан тышкары Кыргызстандын туристтик дараметин даңазалаган видеобаяндама дагы түрк тилинде жаңырды. Буга улай аталган өлкөнүн спорттун түрлөрү боюнча жетишкендиктери жөнүндө маалымат таратылды. Бул көргөзмө 9-декабарга дейре улантылат.

 

 

 

“Майдан. kg” гезити