Орусиянын башкалаасында Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып залкардын эстелиги тургузулду. Анын ачылышы салтанатына президент Сооронбай Жээнбеков катышты.
- Биз дагы бир жолу ынындык. Кыргызстан жана Орусия Чыңгыз Айтматовдун эстелигине жана чыгармачылыгына чоң урмат менен мамиле кылышат,- деди Сооронбай Жээнбеков. - Чыңгыз Айтматов - Кыргыздын эле эмес, Орус адабиятынын дагы классиги. Ал дүйнө жүзүнө кыргыз тилин гана эмес, ошол эле убакта орус тилин дагы даңазалады. Ошону үчүн залкар калемгер "Кыргыз жана орус тили - куштун эки канатындай" дегени бекеринен эмес.
Андан аркы сөзүндө Сооронбай Жээнбеков гениалдуу жазуучу гана эмес, дүйнөлүк алкактагы гуманист, философ, мамлекеттик жана коомдук ишмер, мыкты дипломат болгондугун баса белгиледи.
- Улуу муун жакшы билет, ошол себептүү жаштарга эскертким келет, Чыңгыз Төрөкулович биргезде Орусияны Люксембургда таанытып, бул өлкөнүн ал жактыгы элчиси дагы болгон,- деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков. - Эң башкысы: айтылуу Ысык-Көл форумун түптөгөн. Анда мыкты интеллектуалдар дүйнөлүк алкактагы көйгөйлөрдү талкуулап, коңгуроо кагып турушкан. Бул көөнөргүс салтты улантып, быйыл октябрда Форумдун кезектеги отурумун Ысык-Көлдө өткөрдүк. Анткени, Айтматовдун талантынан улам Кыргыз эли бүт ааламга таанылып, мунун артынан айтылуу "Манас" эпосу дагы дүйнөлүк маданияттын кенемтесин толтурганга татыды. Ушунун баарын эске алып, Орусиянын Президенти Владимир Путинге жана бүтүндөй орус элине ыраазыбыз, моминтип Москвада Манаска дагы, Чыңгыз Айтматовго дагы эстелик тургузушту.
Айтмакчы, ЮНЕСКОнун маалыматына таянсак, Чыңгыз Айтматов Шекспирден жана Толстойдон кийинки эле чыгармалары дүйнөдө эң көп когулган жазуучулардын сабына кошулду. Анын чыгармалары 176 тилге которулуп, 100 миллион нускадан ашык басылды. Жалгыз эле “Жамийла” повести 37 жолу басылып, жүздөгөн тилдерге таржымаланган.
"Майдан. kg" гезити