КР Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча уштуруучулук ишти текшерип, бардык бөлүмдөрдүн кызматтык тапшырмаларды аткаруусун жана жер-жерлерде кызмат өтөө шарттары менен таанышып чыкты.
Текшерүү учурунда ИИМдин башчысы өзгөчө соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча аймактагы ички иштер органдарынын даярдыгына өзгөчө көңүл бурду. Эске салсак, учурда Кыргыз Республикасынын кылмыштар боюнча ченемдик-укуктук актыларына өзгөрүүлөр кирип жатат. Жакында КР Кылмыш кодексин, Жоруктар жөнүндөгү кодексин, Кылмыш-процесстик кодексин, Жазык-аткаруу кодексин, Бузуулар жөнүндөгү кодексин, андан сырткары “Пробация жөнүндөгү”, “Мунапыстын негиздери жана аны колдонуунун тартиби тууралуу” мыйзамдарды терең изилдөө жана ишке ашыруу максатында ички иштер органдарынын өздүк курамына семинар, тренингдерди камтыган масштабдуу окутуулар өткөрүлгөн. Жаңы Кодекстер менен мыйзамдар соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынып, биздин өлкөнүн кылмыш тутумунда олуттуу өзгөрүүлөр болгону жатат. Жалал-Абад ОИИБи менен Жалал-Абад ШИИБде ички иштер министри өздүк курамды жаңы күчүнө кирип жаткан КР Кылмыш-жаза кодекси менен Кылмыш-процесстик кодекстин нормалары менен жоболорун билүүлөрүн текшерди.
Ошондой эле кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү каттоону, андан сырткары бузууларды бирдиктүү каттоону толук ишке киргизүү үчүн техникалык жабдылышы боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурду. Сузак РИИБде Кашкар Джунушалиев кызматкерлердин кодекстер менен мыйзамдарды билүү деңгээлин текшерип, аларды окутуу жана аймактык бөлүмдөрдүн техникалык жабдылышы боюнча маселелерге токтолду.
Өздүк курам менен жолугушуунун жүрүшүндө ИИМдин башчысы кол алдындагы кызматкерлердин өзүнүн кызматтык милдеттерине ак ниеттүүлүк менен мамиле кылып, тапшырылган иштерди жоопкерчиликтүү аткарууну талап кылуу менен кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту сактап, кызматтык тартипти бузбоолорун айтты.
ххх
2018-жылдын 17-декабрь күнү Жалал-Абад облусунда ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча жаңы медициналык-стационардык борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Президент С. Жээнбековдун “2018-жыл - Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруунун негизинде 2018-жылдын 17-декабрь күнү ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча жаңы медициналык-стационардык борбору менен Сузак районунун Барпы айылындагы МАБнын жаңы имаратынын ачылышы өттү.
Жогорудагы борбордун ачылышына КР Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, ички иштер органдарынын кызматкерлери менен ардагерлери катышышты. Жаңы борбор ыңгайлуу бөлмөлөр, спорттук жана машыгуучу залдар менен жабдылган. ИИМ башчысы Кашкар Джунушалиев: “Аталган борбор милиция кызматкерлерине, ички иштер органдарынын ардагерлерине медициналык жардам көрсөтөт. Жалал-Абад облусу боюнча жалпысынан 700 ички иштер органдарынын ардагерлери бар. Ички иштер органдарынын ардагерлери менен кызматкерлерине жер-жерлерде медициналык жардам көрсөтүлөт”- деп билдирди.
Жогорудагыдай стационардык медициналык борбор-түштүк аймакта биринчи жолу ачылып жаткан ИИМдин тутумундагы реабилитациондук мекеме болуп саналат. Ал 10 орундуу болуп, негизги тапшырмаларынын бирине өзгөчө кырдаалдарда ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарышкан ички иштер органдарынын кызматкерлерин дарылоо кирет.
Терек-Сайдагы кырдаалга да баам салды
КР Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин өлкөнүн түштүк аймагына барганын угуп, Жалал-Абад облусунда Терек-Сай айылынын кармалган жашоочуларынын туугандары жолугушуу уюштуруп берүүнү суранышкан.
Жолугушуу Жалал-Абад облусунун ИИБнын имаратында өтүп, ага облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев жана Терек-Сай айылынын өкмөтүнүн башчысы, кармалгандардын туугандары катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн башчысы менен кармалгандардын туугандары кармалгандарга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүлөрүн суранышып, кармалгандар жаштыгы жана мыйзамды билбегендеринин айынын мыйзамды бугандарын белгилешти. Андан сырткары, кармалгандардын арасында мурда инвесторлорду колдоп, ишкерлик менен алектенишип, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзгөндөр дагы бар экендигин билдиришти.
Ал эми Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев, окуя болгондон кийин милиция менен биргеликте жергиликтүү тургундар арасында бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана ага дагы кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүлөрүн сурап кайрылышкандарын айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кашкар Джунушалиев кармалгандардын туугандарынын кайрылууларын угуп, бардыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чечилүүгө тийиш жана баш коргоо чарасы сот тарабынан чечилээрин билдирди. Ошондой эле Терек-Сай айылынын жашоочуларынын кайрылуулары мыйзамдын негизинде каралаарын белгиледи.
Эскертебиз, 2018-жылдын 5-ноябрында ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда Чаткал районунун Терек-сай айылынын 15 жергиликтүү тургуну милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан. Ошол учурда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан.
2018-жылдын 6-ноябрь күнү аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБдин тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (Бейбаштык) жана 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-иликтенген иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 жарандын өздүгү такталып, козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышкан. 2018-жылдын 4-декабрь күнү Терек-сай айлынын 15 тургунуна карата сот тарабынан тергөө абагына 6 жаранга 2 айга, 9 жаранга 1 айга камакка алуу чечими чыккан.
“Майдан. kg” гезити