Турмуш дегениң чалкыган океан. Ташкындап кетмеги, тартылып какшып кетмеги бар.  Мезгили менен кургактык суу астында калып, топон суу каптап, андан башка да катаклизмдери толтура, асманы күр этип кулап күп дей түшүп, бүтүндѳй турмуш атпайдын талкаланып быркырап кетмеги бар. Анда эч  бир тирүү жан, макулук аман калбайт, жер бетиндеги тирилик дегениң быкшып ѳчүп, дымып калат. Кайрадан жанданып ордуна келгенче не деген убакыт, не деген доорлор сүрүлүп ѳтѳт. Жараткан жер жүзүн ушундай ааламаттан сактасын. Акыр замандын мезгили менен үрѳй учурган ырайы адамзатынын жүрѳк үшүн алып, уламдан улам суук түрүн кѳрсѳтүп, жакындап  келип тургандыгынын эң башкы коркунучу ушунда. Жер бетинде цивилизация ѳнүккѳнү бүткүл адамзатына, дегеле жер бетиндеги тириликке, планетабызга болгон коркунуч  кѳбѳйүп кетти. Адамзаты акыл эстин мыкты жетишкендиктеринин жакшылыгы менен  катар азабын да тартып турган учуру.

 

Жер бетиндеги турмушка опурталдуу коркунучтары кѳп капсалаңдуу кезеңде адам баласы ѳткѳн замандардын сабактарын эстеп, жер эненин жүрѳгүн сыздаткан бүлүндүрүүчү  кесепеттеринен оолак болуп, акыр кыяматты жакындатчу кыргындардын алдын  алуу үчүн акылга салып жети ѳлчѳп бир кесип, ѳз ара мунасага келип жамандык кылуудан анын кесепеттеринен, азгырыктарынан сактанып, ыйманын жогору коюп, пенделик бир боорлугун арттырып, келечекте жер жүзүндѳгү турмушубуз кандай болор экен деп кеменгерлик менен сабыр тутуп жашаганыбыз жакшы го деп ойлойм. Бардыгыбыздын бешигибиз бир, жер эненин боорундабыз. Бирѳѳлѳргѳ кылган жамандыгыбыз ѳзүбүзгѳ эле урулган жамандык экенин сезип, андан сак болууга үйрѳнүшүбүз керек. Аны баарыбыз биригип алып, адамзатынын турмушу бакыбат бактылуу болсун, планетабызда тынчтык орносун деп чогуу-чараан иш кылганга үйрѳнсѳк болбойбу деген ой чубактап чыгып түрмѳктѳлѳ берет. Ал максатка жетүүнү ар кимибиз ѳз чѳйрѳбүздѳн, ѳз мамлекетибизден башташыбыз зарыл экенин  жараткандын мыйзамы да тастыктап турат.

 

10 жыл  илгери болсо керек. Бир досум бакыйган карыяны “сен анда Ленин  бол” деп  азил аралаш шакабалап турганын укканмын. Анда ал “мен карапайым момун адаммын, саясат менен ишим жок, сен аралашып жүрөсүң, Ленин болуу сага жарашат”- деп  жооп  кайтарып жатпайбы. Бул өзү оңгон турмуштан улам айтылган сөз эмес эле. Ошентсе да  Ленинди аздектеп оозго алыш керек, кесир сөздөн оолак болуш керек, ал бизге гана эмес, бүтүндөй адамзатына ыйык адам деген ойду көңүлүмө түйүп койгом. Ал жок эле жерден өзүн-өзү даңазалап чыга калган лидер болгон эмес. Аркы берки саясатчы лидерлерди эле көп жазабыз. Алар Лениндин жанында ким экен? Аны адамзаты кайгы муңга чөгүп турган кезде жараткан жалгап, мезгил өзү жараткан олуядай жол башчы болгон. Себепсиз эле, жок жеринен эч нерсе пайда боло калбайт, кудайдын кудуретин сезип турушубуз керек.

 

Булардын алым сабак акыйнек аңгемесин угуп туруп тообо кылдым, жөн эле жеринен  эч нерсе болбойт. “Аябай кыйынмын”- дегендердин да каалаганы эле боло бербейт. Бардыгы Алла Тааланын амири, кудайдын кудурети менен бул дүйнө өзгөрүп турганын  эч ким тана албайт. “Тегин жеринен тегирмен жүрбөйт”- деген кыргыз нускасы эле эмнени айтып турат.

 

Абайлап байкасам тиги экөөнүн  алым сабагы жөн эле жеринен чыкпаптыр. Дүйнөгө таасири күч СССР ыдырап, жаңыча коомдук өнүгүүгө түшкөн өлкөбүз там-туң кадам шилтеп турган кез эле. Мамлекет төбөлдөрү батышка ыктап, ошолордун нускасы менен иш алып барып жатышкан. Ал турсун тунгуч президентибиз Аскар Акаев “Кыргызстанды  экинчи Швейцария кылам”- деп чыкпадыбы. Кыргызстан кантип Швейцария болсун, ошону түшүнгөн жок, жарыктык. Башкага окшоштурам дебей эле, “күчтүү Кыргызстанды курам”- деп  айтса эмне болмок. Акаевдин тушундагы “реформанын” азабын элибиз жакшы эле тартты. Элди эле эмес, бүтүндѳй мамлекетти багып жаткан, ѳнүгүүнүн укмуштай жогорку чегине жетип, мал чарба продукцияларын күргүштѳтѳ чыгарып, жагымдуу мал эти менен Москва, Ленинградга окшогон ири шаарларды камсыздап турган колхоз-совхоздор, малды бордоп семиртүүчү ишканалар, эт комбинаттары заматта таркатылып, жылас болгондой жок болуп кетти. Эчендеген завод, фабрикалар менчиктештирилип, таланып тонолду. Аларды “ѳткѳн иш” деп кол шилтеп айтпай коюу жарабас. Ѳткѳнүбүздү эстеп туруу жалпыбызга парз. Ошол реформалардын, менчиктештирүүнүн будуң -чаң түшүргѳн жүрүштѳрүнѳн кийин ѳлкѳбүздѳ жумушсуздук кѳбѳйдү. Элдин бир тобу жумуш издеп, жан багуунун айласы кылып чет мамлекеттерге чыгып кетти. (Ушу кезде Россияда миллионго жакын кыргызстандыктар иштеп жүрүшѳт. Биз муну менен  мактанбашыбыз керек. Арданышыбыз керек). Бул жакшы турмуштан эмес, айласыздыктан болду. Ѳңгѳсүн айтпайлы Россия, Белорусия же Балтика боюндагы мамлекеттер менен келишим түзүп, мыкты колхоз-совхоздорду, завод-фабрикалардын бир тобун сактап калууга болмок. Изденсе жолу табылмак. Андай каалоо болсо да ошол кездин билермандары колдобой коюшкан. Анткени, аларга эмне керек болуп турганын турмуш ѳзү кѳрсѳтүп койбодубу.

Элге  эле эмес, кудайга жакпаган тескери реформалардын азабын мамлекетибиз азыр да тартып жатат. Айыл чарбабыз дүркүрөп өнүгүп, завод-фабрикаларыбыз күрүлдөп иштеп турса болбойт беле?! Эл жумушу жок тентип калмак эмес. Андан кийин деле дүйнөлүк байланышка кол созуп, өнүгүүнүн  жаңы чектеринин өзүбүзгө ылайык келген жактарына ыктап өтө берсек болмок. Ырааттуу да, эволюциялык мыйзам ченемге да  дал келмек. Мындан  жүз бир жыл мурда өткөн Лениндин Октябрь революциясынын сабактарын эске алып койсок болмок. Алар таркаткан эмес, заводдорду сактап, гиганттарын курган. Аларды тарыхыбыз айтып турат.

 

Эгемендик алган кезибизде демократиялык күчтөрдүн алдыңкы тобу таланты менен ааламды таң калтырып турган жазуучу агабыз Чыңгыз Айтматовду “президенттике келип бериңиз”- деп өтүнүп турушпадыбы. Бул да тегин жеринен болгон окуя эмес. Даанышман жазуучу: “мен ушул эле кызматымды уланта берейин, бригадир да болуп эл башкарып көргөн эмесмин”- деп көнбөй койгон. Өзүнө келип турган тарыхый миссияны Аскар Акаевди сунуштап өткөрүп берген.  Ошол кезде дүйнөгө таасири өзгөчө чоң болуп турган  гениалдуу  талант, келечекти  да, адамзатына уламдан улам жакындап келе жаткан  капсалаңдуу коркунучтарды да, андан сактануу жолдорун да алдын ала даана айткан феномен жана кеменгер Чыңгыз Айтматов мамлекетибиздин  башына келип туруп берип койсо жакшы эле болмок. Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө даңгыр жол ачылмак, чарба иштерин жаңгактай чагып, бүтүндү бүлдүрмөк турсун, чычканга кебек алдырбай турган тандамал кадрлар четинен табылмак, бакырайып эле көрүнүп турган. Мамлекетибиздин тагдырындагы бурулуш учурда Чыңгыз агабыздын ысымы да тегин жеринен жаңычыл кыймылдын алдыңкы сабында турган эр азаматтардын оозуна келе берген эместир. Кыргыз эли Манасы, анан Чыңгызы менен сыймыктанат эмеспи. Чыңгыз Айтматовду дүйнө тааныды. Ошонусу менен улуу талант мүлдө кыргызды дүйнөгө таанытканын унутпашыбыз керек.

 

Чыңгыз агабыз өзү пайгамбардай жан болгонун чыгармалары аркылуу берип турган осуяттары, кеменгерлик нускоолору болгондо да пайгамбарлар өздөрү кадырлап, сыйлай тургандай теңир бир жараткан керемет даанышман экенин көсөм көз караштагы акылгөй адамзаты ырастап турат.

Эми ойлосом ошол тарыхый учур Кыргызстанга бир келген оомат экен. Чыңгыз Айтматов мамлекет башына келип олтуруп койсо болмок деген  замандаштарымдын оюн кубаттайм.  Президент болуп туруп деле каалаган чет мамлекетине барып, чыгармачылыгын уланта берсе жарашмак. Ойлогон ойлорун турмушка ашыруу үчүн көптөгөн артыкчылыктарга, өзгөчө эркиндикке жана эбегейсиз күчкө ээ болмок. Өлкөнүн ошол кездеги президентине көз каранды болуп турмак эмес. Улуу жазуучунун чыгармачылыгына өзгөчө шарттарды түзүп бере турган мамлекеттер четинен чыкмак. Бирок, Чыңгыз агабыз тартынып койду. Бул анын топуктуулугу да, улуулугу да эле. Мамлекет башына келсе келиштире башкарып, президент болуп иштөөнүн классикалык үлгүсүн көрсөтмөк. Эмнеси бар экен. Акын-жазуучулар деле мамлекет башкарып келишкен, азыр да башкарып жатышат.  Мисал четинен табылат.  Илгеркиден айтсак акын Алишер Навои мамлекет башында турган. Союз учурунда жазуучу Шараф Рашидов Өзбекстанды жетектеп турду. Бүгүнкүдөн айтсак, кечээ эле бир чет өлкөдө акын президент болуп шайланды. Ушу кезде президент болсом деп эки көзү төрт болуп, түн уйкусунан  безип жүргөндөрдүн көбөйүп кеткенине, алардын кээ бир аңды-дөңдү карабаган карамакөр, күң тамак экениине, опосуз жосунсуз жоруктарына, көпкөлөңдүгүнө ѳкүнѳм. Кой терисин жамынган мансапкорлордун бийлик күсѳгѳн капсалаң жүрүштѳрүнѳн,  шойкомдуу, шүйкүмсүз жоруктарынан корком. Кудай сактасын. Алардын жоругу жолдо калсын. Чама-чаркына карашса боло. Алардын ким экенин эл билет. Ыйманга камчы  чапкандар элге эмес, кудайга да жакпас. Өз учурунда алар эмнени кыйратып иштеп беришти эле, эл өзү таразалап  турат. Өсүп-өнүгүү үчүн эң биринчи иретте мамлекетибизге бейпилдик керек. Эми эл чуу көтөрүп жулунуп келгендерди эмес, өздөрү каалаган дараметтүү лидерлерди президенттике шайлап алат. Элдин тандоосунан өткөн элек жок.

 

Ленин жөн эле жерден чыккан эмес. Адамзаты эзүүчүлөрдүн кол астында думугуп, бутуна кишен салынып турган кезде жүрөгүн сууруп чыгып Данкодой жол көрсөтүп, өз илими менен адамзатына жарыгын чачып, дүйнөнү өзгөртүүгө өзүнүн баалуу салымын кошкон улуу адам болгон. Алланын амири менен буга окшогон адамдар пайгамбардай болуп келсе кылымда бир келет. Лениндин Октябрь революциясынын кыргыз улутунун тагдырына  тийгизген  жакшылыгы эбегейсиз болгон. Аны тарыхыбыздан жакшы билебиз. Кудай кааласа бей-бечараларга кайрымдуу түзүлүштү куруп, дүйнөнү өзгөрткөн Лениндин революциясынын ишке ашканына үстүбүздѳгү жылы 101 жыл толду. Азыркы заманда да  адамзатына  дүйнѳ элин ынтымакка чакырып, тынчтык орното турган даанышман олуядай кеменгер жол башчы керек болуп  турат.

 

Дүйнѳ-турмушта ар кандай жолдор болот. Аларды жакшы кылмак, даңгыр жана жарык кылмак адамзатынын ѳзүнѳн. Анткеним, эл баштаган чыгаандардын даанышмандыгы менен кѳсѳмдүгүнѳ байланыштуу болот дегеним.

 

Ар кандай жолдор дүйнѳнүн чар тарабын аралап кетип турат.  Аларда адамзатынын турмушу, тагдыры, күргүштѳгѳн  турмушу   шоокумданып  сапары чексиздикке созулуп  жатканы. Жакшылык күткѳн үмүт, тилеги да жолдо. Ошондуктан жаратканыбыз баарыга жакшы жолдон айтсын деп тилек кылам. Анын кадырына жетип, ѳмүр кѳчүн  келечектүү даңгыр жолго салып, турмушун  жакшыртып келечегин жарык кылмак да адамдардын ѳзүнүн.  Ошондуктан жакшылыкка чогуу-чараан  жүз буруп, жаркын келечек үчүн ысык ымалага, бекем мунасага келип, эл бактысы үчүн күйүп-жанып, жан отту арнап  айбарланып жол кубантчу кез ушул, журт башылар!

 

 

Меңдибек Асылбеков, “Майдан.kg” гезити