Баткен облусунда Башкы штабдын эки кызматкери менен УКМКнын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу укук коргоо кызматтарынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, кармалгандардын бири коргоо боюнча Мамлекеттик комитетинде иштеген. Алардын баары каракчылык кол салууга шектелишүүдө. 

 

Окуя 8-декабрда болжол менен саат 19.00дө болгон. Кадамжай районундагы Марказ айылдык аймагында үч белгисиз жаран Daewoo Tico автоунаанын айдоочусун токтотушуп, тапана такап коркутушуп, андан эки телевизорун жана 14 миң сомун тартып алышкан. Ал түнү белгисиз жарандар дагы эки  каракчылык жасашкан. Кийинки эки каракчылыктын зыяны 23 миң сомго жеткен. Кылмыштын изи сууй электе шектүүлөр кармалып, Кадамжай райондук ИИБине киргизилди. 

 

Иликтөө учурунда каракчылык жасагандардын бири 24 жаштагы Н.А. УКМКнын мурдагы кызматкери болгон. 24 жаштагы К.И. Кызыл-Кыянын аскердик комиссариатында иштеген.