Жакында борбор калаада дагы бир зөөкүрдүн курмандыгы боло жаздаган кызды милиция кызматкерлери эмес, жөнөкөй жарандар менен журналисттер куткарып калышты. Анда Бишкекте маичилер токтоткон терезеси мыйзамсыз күңүрттөлгөн машинанын ичинен аял кишинин жардам сураган кыйкырыгы угулган. Бир аз турган соң кыз арткы эшикти ачкыла деп суранып: “Коё бергиле мени! Мен анын аялы эмесмин!”,- деп кыйкырган. Бирок милиция кызматкери өзүн таң калаарлык кармап, тескери бурулуп басып кеткен. Андан сырткары, тартип сакчылары ал машинанын айнегиндеги күңүрттөгүчтү сыйрышкан эмес.
Ошол учурда көчөдөн өтүп бараткан жарандар таксинин ичиндеги аялдын үнүн угуп, кызды таксисттин кучагынан куткарып калышкан. Кийинчерээк белгилүү болгондой, таксист ал кызды зордуктаганы жаткан экен. Адан сырткары укук коргоочулар аны кармагандан кийин дагы эки жаран анын үстүнөн арыз жазышкан. Анткени алар жарыя кылынган видеодон аны таанып калышкан.
Журналисттер инспектордун мындай кайдыгер мамилесин камерага тартып алышкан. Ал эми машинанын айдоочусу салонда иниси “аялы менен урушуп жатат” деп калп айткан.
Бул видео социалдык тармактарга тарап, коомчулук арасында нааразылык пикирлер айтыла баштаган соң ИИМ тарабынан кайдыгер мамиле жасаган инспекторго кызматтык териштирүү жасала тургандыгы тууралуу маалымат берилди. Жардам сурап кыйкырган аялды көрмөксөн болушкан маичилер жазага тартылат.
ИИМ кызматкери ким болбосун устав боюнча жарандардын бардык арызына жооп кылууга милдеттүү. Ал тургай зарыл болгон учурда 102 кызматкерлерин чакырып же ошол жерде териштирүүсү керек.
“Майдан-пресс”, “Майдан. kg” гезити