Ноябрь айынын башында Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургундары алтын казууга каршы митингге чыгып, аталган алтынды казып жаткан түрк компаниясы мыйзамсыз иш алып барып жатат деген кине коюшкан. Ошол учурда жаалданган эл митингде турган милиция кызматкерлерин ур токмокко алышып, милиция кызматкерлери запкы жеген. Бул окуядан соң ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев орун басары Сүйүн Өмүрзаковго бул ишти иликтеп чыгууну жана күнөөлүүлөрдү кармап келүүнү буйруган. Ал эми Сүйүн Өмүрзаков тапшырма алган соң Чаткалга жетип келип ишти дыкаат иликтебестен, Облус Губернатору, Чаткал районунун акими жана Жалал-Абад ИИБ башчысы менен жең ичинен сүйлөшүп ишти басты-басты кылып кеткен. Силер эле акырын бүтүрүп койгула дегенсип. Кийин, бир ай убакыт өткөн соң бул иштин чала экенинен кабардар болгон президент ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, аны зекигенде коен жүрөк Кашкар Жунушалиев кайрадан Сүйүн Өмүрзаковго тапшырма берип, “бөрк ал десе баш алып” он бештей жаранды камакка алышып, элдин кыжырына тийип алышты. Кайран Сүйүн Өмүрзаков ишти тутантып алып, учурда Жалал-Абаддан келе албай башы маң жатыптыр. Эгерде Жунушалиев башында эле бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, дыкаат иликтөө жүргүзгөндө мындай катаачылык орун алмак эмес. Акырын агенттерин жиберип, бул ишти козутуп жаткан провакаторлорду таап, аларды камакка алганда эл милициянын күчүнөн айбыгып митингге чыкмак эмес. Бул жерде кашайгыр Кашкар менен, суу жүрөк Сүйүндүн айынан акыбал оорлошуп, элди президентке каршы коюп алышты. Ким билсин балким булар башта эле алчуларын алышып, ишти ым-жым кылууга аракет кылышкандыр. Эсиңерде болсо былтыр Тогуз-Тородо дагы ушундай митинггдер орун алып, ал учурдагы ИИМ башчысы Улан Исраиловдун, орун басары Данияр Абдыкаровдун жана Жалал-Абад ИИБ башчысы Акыл Мамасеитовдун чабал аракеттеринен улам абал курчуп барып токтогон. Жыйынтыгында аталган жетекчилер кызматтарынан алынган. Бүгүнкү күнү дал ушул картина кайталанып жатканын кантип танабыз. Эгер мындай чаласабаттык кадамдар улана берсе элди бийликке каршы коюп, чоң тирешке алып келбейби? Андыктан президент Сооронбай Жээнбеков Жунушалиев менен Өмүрзаковго окшогон сабатсыз жетекчилерди жоопко тартып, бул ишти ыкчам иретке салбаса абал чатак...

 

 

 

Жахонгир Мамааев