«Президент жана бомж» тасмасы 2012-жылы чыгып, коомчулукту уу-дуу түшүргөн. Саясатты курч чагылдырганы үчүн мамлекеттик жогорку кызмат адамдарын да дүрбөлөңгө салган. 2013-жылы “Президент жана бомж-2” тартылып, биринчисинен кем эмес деңгээлди багынткан. Ал эми быйыл май айында “Президент жана бомж-3: Ханзаада сүйгөн айылдык кыз” тартылып бүтүп, бир аз мезгил кинотеатрларда коюлган. Эми 27-декабрдан тартып тасма алымча-кошумчалар менен кайрадан Бишкек шаарыбыздын кинотеатрларында кино сүйүүчүлөргө тартууланмакчы.

           

Дагы эле турмуштук жана саясий курч, кызыктуу окуяларга жыш баянга жолукмакчыбыз. Жаңы шайланган президентке мурдагы бийлик башчылары бут тосуп, ал түгүл аны өлтүрүүгө аракеттенишет. Белгилүү кино актёр Аскат Сулайманов аткарган жаңы президент коррупцияга малынган мурдагы премьер-министр, спикер, мэрди камакка алат. Кызыгы, бул тасма быйыл март, апрель айларында тартылып, май айында чыкса, андан бир, эки ай өтүп биздин чыныгы турмуштагы мурдагы премьер-министр менен баш калаа башчысы камакка алынган.

 

“Аларды камоо менен маселе чечилбейт. Эми алар жеген мамлекеттик, элдик байлыктарды кайра кустуруш керек”, -  дейт президент.

           

Мурдагы президенттин ролун Марат Алышпаев, экс-премьер-министрди Шаршебек Шейшеев, анын аппарат башчысын Эгемберди Чалабаев, жаңы премьер-министрди Тимур Маматкулов, спикерди Эркин Жолдошалиев, экс-президенттин кызын Нурзат Токтосунова, ханзааданы Илеш Өмүрзак уулу, айылдык кызды Толкунай Кубанычбек кызы аткарышкан.

 

 

 

  •