Депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө акыркы күндөрү болуп өткөн окуялар тууралуу кеп салып, Кыргызстан реформаларга муктаж экенин белгиледи. 

 

"Улуттук энергохолдингдин жетекчисинин маянасы 160 миң сом. Ошол эле убакта Аксы РЭСинин жумушчулары эки айдан бери акча бетин көрүшө элек. Жетекчилердин айлык акысы жүз миңден ашып жатат. Алар кол алдындагыларга беш-алты миңден бөлүп берип койсо болбойбу?" - деп суроо салды Бакыт Төрөбаев. 

 

Ошондой эле ал мамлекеттик жооптуу кызматта иштегендердин жоосунсуз жоругуна токтолду.

 

"Мамлекеттик кызматкерлер пара менен кармалып жатышат. Мамлекеттик кызматтарда гана иштеген адамдардын банк ячейкалардан ири суммадагы акчалары чыгып жатат", - деген депутат мындай терс көрүнүштөрдү токтотууга чечкиндүү аракеттерди көрүүгө мезгил келип жеткенин белгиледи.