“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”,- демекчи, жалаң гана бюджеттик кызматтарда иштеп келген, Мамлекеттик мүлк фонду менен геология агенттигин жетектеген Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүнөн чыккан миллиондогон сомдор менен жүз миңдеген АКШ долларлары уккан, көргөн адамдардын эсин оодарып, кыжырын кайнатты. Анын банктагы эле жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылды. Бирок ал 2011-2016-жылдардагы расмий декларациясы туурасында маалымат бергенде, өзүнүн тапкан акчасы 2 миллион 541 миң 527 сомду, ал эми жубайыныкы 408 миң сомду гана түзгөндүгүн белгилеген. Бирок тиешелүү органдар үйүнө тинтүү жүргүзгөндө Зилалиевдин кайдан тапканы белгисиз, ири суммадагы акчалай активдери, мүлкү чыкты. Алардын баасы расмий кирешеден алда канча ашып кеткен. Мындан сырткары, декларациясында көрсөтүлбөгөн, туугандарына жана башка тараптарга катталган кыймылсыз мүлкү (батир, үй жана жер тилкелери) чыкты.
Ошондой эле Бишкекте анын туугандарына 2017-жылдын 17-апрелинде катталган эки кеңсе табылды. Алардын баасы 34 миллион жана 19 миллион сомго барабар. Мындан тышкары Зилалиев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турганда өзүнүн ишсиз тууганына алтын, акиташ жана башка кендердин лицензиясын каттатып койгону аныкталды. УКМК кызматкерлери соттун санкциясы менен аны үйүнө капыстан барышкан. Ошол үйүнүн ремонтуна эле 90 миң доллар жумшалып аткандыгы да ачыкка чыкты. Айрым маалыматтар боюнча, ал үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылгандыгына карабастан, чет өлкөгө качып кетүүгө камынып аткан экен.
“Майдан. kg” гезити