Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айларында Биринчи май райондук ИИБна арыз менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда, борбордук кинотеатрларынын биринен белгисиз адам арыздануучуга күч колдонуп, коркутуу жолу менен “Самсунг Гелакси J7» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып койгон. Ошондой эле, 13 мин акча каражатына олуттуу материалдык зыян келтирген.
Андан сырткары, Биринчи май РИИБне дагы бир жаран арыз менен кайрылган. Анда, арыздануучуга күч колдонуп "Redme 5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, бир топ материалдык зыян келтирген.
Бул факт Биринчи май райондук ИИБда катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесине ылайык, "Тоноо" боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи Май райондук ИИБнын криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү делип 2000-жылы туулган С.у.К., аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алынган. Тергөө иш амалдарынын натыйжасында С.у.К. аттуу жаран ушул сыяктуу дагы 15 кылмыш ишине тиешеси бардыгы аныкталган.
Учурда тергөө иш амалдары жүрүүдө.