Кыргыз Республикасынын Президенти

С. ЖЭЭНБЕКОВго.

 

Сузак районунун тургуну, укук коргоочу

Максатбек БЕРДИКУЛОВдон.

Дарегим: Сузак районундагы Ырыс

айыл өкмөтү, Дөмөр айылы.

Телефон: 0556 470707; 0772 377577.

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

Менин бул Сизге кайрылуум такыр арга кеткендеги аракетим болду. Ошондуктан да буга көңүл буруп, жардам көрсөтүүңүздү суранамын. Бишкектеги жемкорлор, коррупцияга малынгандар кармалып, жазасын алып жатышат, бирок аймактардагы коррупция жасап жаткандар жазадан четте калып, аларга прокуратура органдары жан тартып жатышат. Муну тезинен токтотуу керек.

 

Атайын дегеним, Сузак районундагы Атабеков айыл аймагына караштуу Бек-Абад айылындагы суу мунарасы 2005-жылы эле АРИС программасы тарабынан курулуп бүткөн болчу. Бирок, айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылы кайра эле тендер жарыяланып, ушул суу мунарасын кайра курула турган болот. Жергиликтүү бюджеттен 374 миң 10 сом каралып, 333 миң 605 сомго тендерден жеке ишкер жеңип алган. Ошентип, айылдык бюджеттин ушунча акчасы иштетилип, 2017-жылы 27-декабрда айыл өкмөтүнүн адистеринен, айыл башчысынан, айыл тургундарынан турган комиссия иш аткарылды деп акты түзүп, курулушту кабыл алышкан.

 

Ушундай эле суу мунарасын Атабеков айыл өкмөтү Түрк-Абад айылына да куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 463 миң 410 сом бөлүп, тендер жарыялаган. Аны айылдагы жеке ишкер 412 миң 750 сомго утуп алган жана курулуш иштерин жүргүзгөн. Анан 2017-жылдын 2-октябрында айыл өкмөтүнүн адистеринен, айыл башчысынан, айыл тургундарынан турган комиссия иш аткарылды деп акты түзүп, курулушту кабыл алышкан.

Анан дагы айыл тургундары КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге арыз менен кайрылышып, областтын жетекчиси өкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлеринен комиссия түзүп, текшерүү жүргүзгөн. Ал комиссия эки суу мунарасын текшерип чыгып, аларда курулуш иштери аягына чыкпаганын атайын акты менен тастыкташкан. Демек, бүтпөгөн ишти бүттү деп кабыл алган айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин каражаттарын талаага чачкан. Деген менен, Бек-Абад айылындагы суу мунарасынын цистернасы 2005-жылы эле орнотулса да, быйылкы аткарылган курулуш иштеринин расмий документтеринде суу мунарасына 80 миң сомго 30 тонналык цистерна, 83 миң 680 сомдук курулуш материалдары, андан тышкары Түрк-Абад айылындагы суу мунарасына да курулуш материалдары сарпталды деп, жалган маалыматтарды киргизишкен. Алардын баары айыл өкмөтүнүн бухгалтериясынан өткөн. 

 

Мурда АРИС программасы аркылуу бүткөн мунарага кайра эле акча коротуп, айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин каражаттарын негизсиз иштетишкенин эске алып, КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү комитетинин Жалал-Абад областы боюнча бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш ишин козгогон. Тергөө жүргөн, бирок иш сотко жакындаганда тергөөчү Н. Джусупов тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысын суудан кургак чыгаруу максатында ага тиешелүү эпизоддорду кыскартуу токтому кабыл алынган. Ошентип сот да болуп, айыл өкмөтүнүн суу мунарасы курулган эки айылынын айыл башчылары, жашы жетимишке барган аксакалдар күнөөлүү деп табылган да, эки жылга шарттуу кесилген. Мурда бүткөн мунараны курууга акча бөлүп, тендер жарыялаган, курулушту бүттү деп кабыл алган айыл өкмөтү, анын башчысы апакай болуп четте кала берген.

 

Биз тараптан Жалал-Абад шаардык сотуна тергөөчү тарабынан эпизоддорду кыскартуу токтомун жокко чыгаруу боюнча арыз келтирилип, Жалал-Абад шаардык соту 2018-жылы 14-августта арызды карап, бирок аны канааттандырган жок. Биз Жалал-Абад областтык сотуна кассациялык арыз менен кайрылдык. Областтык соттун жазык иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы кассациялык арызды карап, Атабеков айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджеттин каражаттарын негизгисиз иштетүүлөрдү, ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү комитетинин Жалал-Абад областы боюнча бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш ишиндеги айрым эпизоддор туура эмес кыскартылганын, айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Шералиевдин жана айыл өкмөтүнүн дагы эки жооптуу кызматкеринин бул иш боюнча аракеттерине укуктук баа берилбей калганын аныктады.

 

Ошого негизденип, Жалал-Абад шаардык сотунун токтомун бузду жана биздин арызды канааттандырып, КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү комитетинин Жалал-Абад областы боюнча бөлүмүнүн тергөөчүсү Н. Джусупов тарабынан кылмыш ишинен айрым эпизоддорун кыскартуу тууралуу 2018-жылдын 4-июнундагы токтомун мыйзамсыз деп тапты. Кылмыш ишинин материалдары мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн Жалал-Абад областынын прокуратурасына жиберилди.

 

Ошентип, акыйкаттык ордуна келгендей болду, бирок акты ак, караны кара деп акыйкат иштей турган областтык прокуратура бул аныктамага чырылдап каршы чыкты. Областтык соттун көрүнөө акыйкат аныктамасынын үстүнөн Жогорку Сотко даттанды, эми бул иш ошол жакта каралмак болуп жатат.

 

Бизге Жалал-Абад областтык прокуратурасынын айыл өкмөтүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө, мурда курулган суу мунарасын кайра куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп, тендер жарыялаган, бардык иштердин башында турган айыл өкмөтүнүн башчысы менен эки кызматкерин неге күйкөлөктөп коргоп жатканы бизди таң калтырууда. Тескерисинче, областтык прокуратура мындай коррупциялык көрүнүштөргө келишпестик менен мамиле жасап, күнөөлүүлөрдү азага тартуу аракетин жасашы керек эле.

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

Жалал-Абад областтык прокуратурасынын кызматкерлеринин мындай аракеттерине мыйзамдуу, укуктук баа берүү менен алардын ишин теске салууңузду Сизден өтүнүп суранабыз.

 

Коррупцияга каршы күрөш борбордо гана жүрүп жатат, бирок Жалал-Абад областындагы Сузак районунда, анын ичинде Атабеков айыл өкмөтүндө дегеле жүргөн жери жок. Эгер айыл өкмөт башчылары мамлекеттин акчасын ар кандай шылтоолор менен оңду-солду чачып, бирок мыйзам алдында жооп беришпесе, аларды прокуратура органдары жазадан калкалап турушса, анда коррупцияга каршы күрөш болушу мүмкүнбү?

 

 

Сизди терең урматтап, жардам күткөн

 

 

Максатбек БЕРДИКУЛОВ,

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун Жалал-Абад областы боюнча өкүлү.