Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругуна ылайык, Жаңы жылга даярдык жана майрамдоо учурунда уруксаты жок, мамлекеттик үлгүлөргө туура келбеген пиротехникалык заттарды сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Алынган маалыматка караганда шаар башчысы шаардык ички иштер бөлүмүнө, шаардык өрт коопсуздук кызматына, шаардык керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине шаар аймагына ар кайсы фирмалар тарабынан алып келингенпиротехникалыккаражаттардын мыйзамдуулугун, кампаларда жана соода түйүндөрүндө сакталышын, сапат жана уруксат берүү документтерин катуу көзөмөлгө алуу жагы тапшырылды.
Андан сырткары, шаардык билим берүү бөлүмүнө кышкы каникул мезгилиндеги окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүү, бул боюнча ата-энелер арасында иш алып баруу, ар кандай пиротехникалык каражаттарды пайдалануу менен окуучулардын денесинен жаракат алышынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттери жүктөлдү.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан быйылкы Жаңы жыл майрамын тосуу чараларына шаар казынасынан 440 миң сом бөлүндү.