ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча Мамлекеттик башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, автоунаанын ичиндеги жардам сураган аялга кол сунбаган МАИ кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды. Анын жыйынтыгында, жол кайгуул кызматкерлери эмнеге андай кылышканынын себеби айкын болот.
Басма сөз кызматы жарандардын бардык арыз-даттанууларына көңүл бурууга инспекторлор милдеттүү экенин билдирди. Зарыл учурда 102ге чалып милиция кызматкерлерин чакыруулары керек, же окуя болгон жерде териштирүү жүргүзө да алышат.
Эске салсак, жакында соцтармакка видео жарыяланган. Анда, Бишкекте МАИ кызматкерлери терезеси караңгылатылган автоунааны токтотушкан. Анын ичинен аялдын жардам сураган үнү чыккан. Айдоочу салондо агасы жубайы менен урушуп жатканын айткан. Ошол убакта автоунаанын каалгасы ачылып, аял көрүнгөн да "Бул менин күйөөм эмес. Жардам бергиле", - деп кыйкырган. Бирок, МАИ кызматкери анда да көңүл бурбай артына бурулуп кетип калган.