Энени жана баланы коргоо Улуттук борборуна 2 жаштагы бала оор акыбалда түшкөн. Дарыгерлер баланын баш сөөгүнүн сокку алганын, денесиндеги ар кандай жарааттарды аныктшкан. Бала Кайыңды айылынан келген.
Аталган борбордун башкы дарыгери гүлнара Жумагулованын айтымында, бала аларга келгенде кома алдындагы оор абалда болгон. Ал нейрохирургдардын, невропатологдордун көзөмөлүнө алынган.
"Дарыгерлер колунан келгендин баарын жасашып, баланын өмүрүн сактап калууга далбасташты. Бирок, тилекке каршы, бала өзүнө келбей жатып үзүлүп калды. Өлүмүнө башынын катуу сокку алганы себеп болушу мүмкүн. Так аныктама сөөктү сойгондон кийин билинет", - деди дарыгер.
Маалым болгондой, баланы энеси курбусуна таштап, Россияга иштегени кеткен. Ал кайтып келгенде уулу чарчап калган эле. Баланы багып калган Э.С. аттуу аял анын эки кабаттуу керебеттен кулап кеткенин айтууда. Бала 6-декабрда чарчап калган.