Кыргызстандын геология боюнча Мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Д. Зилалиевдин үйүн УКМК кызматкерлери тинтүүгө алышты. Андагы көрүнүштөр чагылдырылган видео соцтармактарга тарады. 

 

Тинтүү учурунда үйдөн баасы 3 миллион сомго жетерлик кымбат баалуу сааттар, кымбат баалуу таштар жана 100 миң дом накталай АКШ доллары табылган. Бул иш чара Башкы прокуратура тарабынан Зилалиевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. 

 

Зилалиевге КР Кылмыш жаза кодексинин 308-1-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал мамлекеттик  кызматкерлер милдеттүү толтуруучу декларацияга кирешесин толук жазбай, жашырып койгону үчүн айыпталууда. Жана ошондой эле анын мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөн учурунда топтогон байлыгы шек жаратууда. 

 

 

Комитет нацбезопасности предоставил видео обыска в доме у бывшего чиновника. Следственные мероприятия были проведены в рамках возбужденного Генеральной прокуратурой уголовного дела.