Бурулайдын өлүмү боюнча сот отурумунда прокурор айыпталуучуну 23 жыл эркинен ажыратууну суранды. Дагы бир айыпталуучу Акмат Сейитовду 7 жылдык абак жазасына тартуу айтылды. Прокуратуранын маалыматы боюнча айыпталуучу Марс Бөдөшов кылмышка толугу менен күнөөлүү, бирок көрсөтмөлөрү аркылуу жоопкерчиликтен качуу аракетин көрүүдө.
Прокурор айыпталуучу Марс Бөдөшовдун көрсөтмөсүнө карама каршы келген жагдайларга токтолду.
"Ал Бурулайды машинеге өз эрки менен отурган деп айтып жатат. Бирок, дүкөндүн сатуучусу анын кыйкырыгын укканын жана күч менен машинеге отургузганын көргөнүн айткан. Кыздын коңшусу Михаил дагы кыйкырыкты угуп, машиненин артынан жүгүргөн", - деди прокурор.
Ал айыпталуучунун "эмне болгону эсимде жок", - деген көрсөтмөсүнө ишенбей турганын айтты.
Маркум Бурулайдын атасы кызын өлтүргөн кылмышкерди өлүм жазасына тартууну суранды.