Кечээ, 9-декабрда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 337-чакырымында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, КамАЗдын айдоочусу рулду башкара албай калып, жүк ташуучу унаа жолдун чийининен чыгып, оодарылып кеткен. Жыйынтыгында, кырсыктан үч адам каза тапты. 

 

ӨКМнын куткаруучулары маркумдардын сөөгүн Тез жардамдын кызматкерлерине өткөрүп беришти.