"Коррупция — бул коомдун бардык чөйрөлөрүнө мите курттай сүңгүгөн, мамлекеттин натыйжалуу өнүгүшүнө тоскоол болгон кесел. Ал теңсиздикти жана адилетсиздикти пайда кылат.Бул зыяндуу көрүнүш менен күрөш Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Бул саясаттын негизги принциптери — мыйзам үстөмдүгү, акыйкаттык жана жазанын айныксыздыгы, - деди президент Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата жасаган кайрылуусунда.
"Карапайым калктын жана мамлекеттик казынанын эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан, бир жыл ичинде көп иштер жасалды. Башкы көңүл коррупцияны жараткан себептерди жоюуга бурулууда. Адам факторун четтетүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү кызматкердин жарандар менен түз байланышын азайтууга багытталган чаралар көрүлүп жатат. Ишкерлерди алардын бизнесине киришүүлөрдөн жана көптөгөн мыйзамсыз текшерүүлөрдөн коргоо боюнча чечкиндүү кадамдар жасалууда. Чиновниктердин мыйзамсыз топтогон байлыктарын тууган-туушкандарына жана башкаларга каттатып, жоопкерчиликтен качуу системасын сындыра баштадык", - деп белгиледи мамлекет башчы.
Президенттин пикиринде, мамлекеттик кызматты өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн пайдаланган адамдар мыйзам чегинде жазаланып эле тим болбостон, аларды журт алдында катуу уяткаруу керек.
"Коррупция, тек, мыйзамсыз гана болбостон, коомдо элдин ырыскысына суук колун салган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай кырдаал түзүлүүгө тийиш! Коррупцияга каршы сезимди мектептен, бала бакчадан, үй-бүлөдөн баштап, балдарга сиңирүү абзел. Жаштардын жан дүйнөсүндө коомдун тазалыгы жана адилеттиги үчүн жоопкерчилик сезимин өнүктүрүү менен кийинки муундардын коррупция сыяктуу терс көрүнүшкө карата мамилесин өзгөртүү керек", - деди президент.