Баткенде контрактык негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери өзүн өзү асып алган. Бул кырсыкка чейин жубайы менен ажырашып кеткени маалым болду. 

 

Укук коргоо кызматтарынын маалыматына караганда, 23 жаштагы сержанттын апасы каза тапкан. Өлүм алдындагы катында жубайы менен ажырашканына өкүнөөрүн жана каза болгон апасын сагынаарын жазган. Ал каткан акчасын жубайына берүүлөрүн суранган. 

 

Улуттук гвардиянын маалыматына караганда, суициддин себеби үй-бүлөлүк чырда жатат. Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы жана облустук ИИБ тергөө амалдарын жүргүзүшөт. 

 

 

Эске салсак, 9-декабрда Улуттук гвардиянын сержанты ижарага алынган батиринде асынып алган.