УКМКнын маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук кызматы Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 308-1 -беренесинин (жооптуу милдетти аркалаган жооптуу адамдардын мыйзамсыз байуусу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 7-декабрда Дүйшөнбек Зилалиевдин мүлкүнө карата тергөө амалдарын жүргүздү.
Анда, 2011-жылдан 2017-жылга чейин Зилалиев мамлекеттик түзүмдөрдө ар кандай жетекчилик кызматтарды, анын ичинде мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун төрагалыгын, КР минералдык ресурстар жана геология боюнча агенттигинин директорлук кызматын аркалаганы маалым болгон.
2011-жылдан 201-жылга чейин ал расмий тартип боюнча кирешеси, чыгашасы жана мүлкү тууралуу декларация толтурган. Ага ылайык, аталган убакыт аралыгында анын кирешеси болгону 2 миллион 541 миң 527 сомду түзгөн. Ушул эле убакыт аралыгында анын жубайынын кирешеси 408 миң сомго жеткен.
Бирок, тергөө амалдарынын негизинде, мурдагы аткаминердин булагы так аталбаган ири акчалай каражат түрүндөгү активдери жана кирешесин маанилүү жогорулаткан мүлктөрү бардыгы тастыкталган.
Ошондо Зилалиев мамлекеттик кызматтарда иштеп туруп декларацияга киргизилбеген 889 миң 900 доллар өлчөмүндөгү каражатка ээ болгон, аны 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктын биринин филиалында банк ячейкасында сактаган.
Андан тышкары, кыймылсыз мүлк түрүндөгү, батир, үй жана жер тилке активдери да аныкталды, аларды да тууган-туушкандарынын жана башка жашыруун ысымдарга жаздырып, декларациядан качуу аракетин көргөн.
2017-жылдын 17-апрелинде мурдагы аткаминер туугандарынын биринин наамына Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан эки офистик имаратты жаздырган, алардын баары сатуу-сатып алуу келишими боюнча 34 миллион жана 19 миллион сомду түзөт.
Ошондой эле, ал геология боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору болуп турганда, жумушсуз туугандарынын атына Кыргызстандын бир катар кендерин иштетүүгө лицензия берген.
Мына ушуларга байланыштуу бул иш боюнча тергөө кызматынын позициясы жооптуу кызматты аркалаган адамдардын мыйзамдуу кирешелери декларацияда көрсөтүлгөндөр гана болуп эсептелинет деген жыйынтыкка келди.