Бүгүнкү күндө эмгек акынын аздыгынан улам Кыргызстандан көптөгөн кесипкөй жаш адистер чет өлкөлөргө барып кызмат кылып жатат. Бул көрүнүштө чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына окууга кеткен жаштардын кайра өлкөсүнө келбей калып жаткандыгы дагы өз кедергисин тийгизүүдө. 

 

Мындай пикирин Москва шаарындагы “Ваш доктор” медициналык клиникасын ачып, негизинен кыргызстандыктарга кызмат көрсөтүп келе жаткан врач Кубанычбек Алибеков бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйындар залында өткөрүлгөн  “Жаштар платформасынын” кезектеги жыйынында билдирди. Анда  демилгелүү жаштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өлкөнү өнүктүрүү максатындагы демилгелерин сунушташты.

 

Кубанычбек Алибеков азыркы учурда акыл миграциясы өлкөдөн агып чыгып кетип жаткан көйгөйгө токтолду. Анын айтымында, бүгүнкү күндө эмгек акынын аздыгынан улам Кыргызстандан көптөгөн кесипкөй жаш адистер чет өлкөлөргө барып кызмат кылып жатат. К.Алибеков мындай көрүнүштө чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына окууга кеткен жаштардын кайра өлкөсүнө келбей калып жаткандыгы дагы өз кедергисин тийгизип жаткандыгын баса белгиледи. Мындай ойлору менен бөлүшкөн жаш дарыгер КР Өкмөтүнө чет өлкөлөргө квота менен окууга жиберүүдө бүгүнкү күндө Кыргызстанга эң керек деген адистиктер боюнча жиберүүнү сунуш кылды. Ошондой эле К.Алибеков квота менен чет өлкөгө окууга кетип жаткан жаштардын кайра өз өлкөсүнө келип кызмат кылуусу үчүн кепилдик кат алуу керектигин баса белгиледи.

 

“Мындай кадамдарга барганда гана Кыргызстандан чыгып кетип жаткан акыл агымы кайра катып келет. Мында чет квота менен чет өлкө ЖОЖдоруна окуган жаштарга жана алардын Мекенге кайтып келишин көзөмөлдөп турушу керек”,- дейт ал.