Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 4-бөлүгүнүн, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Турдукожоев Доолотбек Тентимишович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилди.